Бишкек шаарында 2026-жылдын 9-июнунан 23-июнуна чейин Абсамат Масалиев проспекти (Нават чайканасынын жанындагы) бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.

Бул чектөөлөр жер алдындагы жөө жүрүүчүлөр өтмөгүн куруу иштерине байланыштуу жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында киргизилүүдө.

Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу келтирилген ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну жана каттамдарды алдын ала пландаштырууну суранат.