Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасын аткаруунун алкагында борбор калаада жер мунапысы боюнча иштер активдүү жүргүзүлүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана ыйгарым укуктуу органдар менен биргеликте жер мунапысына кирген объектилерди кароону улантууда.

Ленин районунда жалпысынан 398 материал каралып чыкты. Алардын ичинен 91 материал боюнча коомдук талкууга чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынды. Ошондой эле 78 материал тиешелүү корутунду берүү үчүн Бишкек башкы архитектура жана шаар куруу башкармалыгына жөнөтүлдү. Калган арыздар боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Бул багыттагы иштер үзгүлтүксүз улантылат.