Бишкек шаарынын ЖЭБи штаттык режимде иштеп жатат.

Үстүбүздөгү жылдын 10-июнуна карата орточо электр кубаттуулугу 153 МВт түзөт.

Электр энергиясын өндүрүү көлөмү – 3,684 миң кВт/саат.

Жылуулук энергиясын берүү көлөмү – 2,4 миң гигакалория.

ЖЭБде жалпысынан 15 отказан агрегаты, кайчылаш байланышуу менен  7 турбиналык агрегат жана №3, №4 эки энергоблок орнотулган.

10-июнга карата иштеп жаткан жабдуулар 2 отказан агрегаты, кайчылаш байланышкан 2 турбиналык агрегат жана №4 энергоблок.Оңдоодо 8 отказан агрегаты, 3 турбиналык агрегаты жана №3 энергоблок.

Камдыкта 5 отказан агрегаты жана 2 турбиналык агрегат.

10-июнга карата кампадагы көмүрдүн калдыгы 53,927 миң тоннаны түзөт.