«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Алтын-Ордо көчөсү Кадырбай Ата көчөсүнөн Кадыр Ата көчөсүнө чейинки бөлүгүндө тротуарга асфальт басуу иштерин аяктап жатат.
Жаңы салынган тротуардын узундугу 430 метрди түзөт. Долбоордун алкагында көчөнүн түндүк тарабына тротуар курулуп, ирригациялык тутуму орнотулду.
Аталган долбоор шаардык инфраструктуранын сапатын жакшыртууга, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.


