Бүгүн, 2026-жылдын 10-июнунда Бишкек шаарындагы №68 жалпы билим берүү мектебинин базасында жалпы билим берүү уюмдарынын директорлорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары менен кеңешме өткөрүлдү.

Иш-чара коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана билим берүү уюмдарынын жетекчи кызматкерлеринин укуктук сабаттуулугун жогорулатуу максатында уюштурулду.

Кеңешмеге укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышып, билим берүү тармагындагы коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө коррупция түшүнүгү, анын негизги көрүнүштөрү талкууланып, жүргүзүлгөн иш-чаралар жана учурда укук коргоо органдарынын өндүрүшүндө турган иштер тууралуу маалымат берилди.

Өзгөчө көңүл балдарды мектепке кабыл алуу учурунда мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу фактыларына, ошондой эле бүтүрүүчүлөр жана ата-энелер тарабынан окуткандыгы үчүн ыраазычылык иретинде акча чогултуу көрүнүштөрүнө бурулду.

Кеңешменин катышуучуларына коррупцияга каршы мыйзамдардын талаптарын так сактоо, билим берүү уюмдарынын ишмердүүлүгүндө ачык-айкындуулук жана айкындык принциптерин камсыз кылуу зарылдыгы эскертилди.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу, билим берүү кызматкерлеринин укуктук маданиятын жогорулатуу жана жарандардын сапаттуу билим алууга тең мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу боюнча системалуу иштерди мындан ары да улантат.