2026-жылдын 10-июнунда ОРАБӨСОМдүн базасында Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарынын жана мектептен тышкаркы кошумча билим берүү мекемелеринин педагогикалык кызматкерлери арасында өткөрүлүп жаткан «Ден соолук» шаардык спартакиадасынын салтанаттуу ачылышы болду.
Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов катышты.
Ал өз сөзүндө бардык командалар райондук этаптан ийгиликтүү өтүп, шаардык баскычта күч сынашууга татыктуу болгонун белгиледи. Ошондой эле спартакиаданын жыйынтыгы менен Бишкек шаарынын курама командасы түзүлүп, Ысык-Көл облусунда өтө турган республикалык этапка катышат.
Спартакиада 2026-жылдын 2-июнунан 14-июнуна чейин өткөрүлүүдө. Шаардык этапка райондук мелдештерде биринчи жана экинчи орундарды ээлеген командалар катышууда.
Катышуучулар спорттун жети түрү боюнча күч сынашууда: шахмат, тогуз коргоол, ордо, стритбол, эркектер жана аялдар арасындагы волейбол, кичи футбол, ошондой эле эркектер жана аялдар арасындагы стол тенниси.
Ар бир спорт түрү боюнча жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышат.
Спартакиаданын негизги максаты — сергек жашоо образын жайылтуу, билим берүү тармагындагы кызматкерлер арасында массалык спортту өнүктүрүү жана педагогдордун дене тарбия даярдыгын жогорулатуу.
Спартакиаданын ачылышынын алкагында билим берүү жана спорт тармагындагы кызматкерлерди сыйлоо аземи өттү. Дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Департаменттин Ардак грамоталары менен 12 спорт боюнча инструктор жана дене тарбия мугалими сыйланды. Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорттун отличниги» наамы Эрлан Атабаевге ыйгарылды.
Спартакиаданын уюштуруучусу Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти саналат.












