2026-жылдын 6–9-июнь күндөрү Ысык-Көл облусунун Корумду айылында пара армрестлинг боюнча XXIII Азия чемпионаты өттү.

Мелдешке 18 мамлекеттен келген күчтүү спортчулар катышты. Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамында Бишкек шаарынын теннис, паралимпиадалык жана күч спорт түрлөрү боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары ийгиликтүү оюн көрсөтүштү.

Чемпионаттын жыйынтыгында спортчулар 9 медаль багындырышты: 6 күмүш жана 3 коло медаль.

Күмүш медалдын ээлери:
- Токтосун уулу Бекбосун (сол жана оң кол боюнча);
- Камчыбек уулу Эрлан (сол жана оң кол боюнча);
- Нурматов Евгений (оң кол боюнча);
- Жунусов Өмүрбек (сол кол боюнча).

Коло медалдын ээлери:
- Нурматов Евгений (сол кол боюнча);
- Прокопов Александр (сол кол боюнча);
- Бексултан Жыргалбеков (оң кол боюнча).

Спортчулардын ийгиликтүү көрсөткүчтөрү үзгүлтүксүз машыгуунун, жогорку деңгээлдеги даярдыктын жана машыктыруучулардын кесипкөйлүгүнүн натыйжасы болуп саналат.