Бишкек шаарынын мэриясынын «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы жана Bakai Business юридикалык жактар үчүн жаңы санариптик кызматты ишке киргизди.
Эми Bakai Business платформасынын веб-нускасында жана мобилдик тиркемесинде муниципалдык мүлктү ижарага алуу төлөмүн онлайн жүргүзүү мүмкүнчүлүгү жеткиликтүү болду.
Төлөм жүргүзүү үчүн Bakai Business системасына кирип, кызматтар үчүн төлөмдөр бөлүмүнө өтүп, бир нече эле баскыч аркылуу төлөмдү түздөн-түз жеке кабинетиңизден аткара аласыз.
Бул кызматты ишке ашыруу бизнестин муниципалдык кызматтар менен өз ара байланышын жеңилдетүүгө, төлөмдөрдүн ачыктыгын камсыз кылууга жана борбор калаадагы санариптик кызматтарды өнүктүрүүгө багытталган.