Бишкек шаарынын мэриясы борбордук аппараттын Ички аудит башкармалыгынын ички аудит бөлүмүндөгү бош административдик муниципалдык кызмат орундарын өзгөчө тартипте толтуруу үчүн тандоо жарыялайт.
Ички аудит тармагындагы бош административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлер үчүн жалпы квалификациялык талаптардын бири болуп Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан берилген ички аудитордун квалификациялык сертификатынын болушу милдеттүү саналат.
Мындан тышкары, талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
- Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
- 18 жаштан төмөн эмес болууга;
- Мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш.
Эскерте кетсек, документтер 2026-жылдын 11-июнунан 11-июлуна чейин күн сайын (дүйшөмбүдөн жумага чейин) саат 09:00дөн 18:00гө чейин (түшкү тыныгуу — 12:30дан 13:30га чейин) Бишкек шаарынын мэриясынын имаратында № 104 кабинетте кабыл алынат, дареги: Бишкек ш., Чүй проспектиси, 166.
Маалымат үчүн телефон: 979195, кошумча номери: 0124.
Төмөнкү шилтеме аркылуу ички аудит чөйрөсүндөгү муниципалдык кызматтын бош административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө коюлган квалификациялык талаптар, ошондой эле тандоого катышуу үчүн бериле турган документтердин тизмеси менен таанышууга болот.