2026-жылдын 11-июнунда «Жаштык» аренасында Бишкек шаарынын медициналык мекемелеринин жана билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү үчүн «Жеке маалыматтарды коргоонун укуктук негиздери» жана «Кибергигиена» темаларында окутуу семинары өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу  Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кутман Мамыров жана Бишкек шаарынын мэриясынын саясатты өнүктүрүү  башкармалыгынын башчысы Давлетбек Туголбаев катышты.

Давлетбек Туголбаев өз сөзүндө активдүү санариптештирүү шартында жарандардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча жоопкерчилик жогорулап жатканын белгиледи.

«Билим берүү жана медициналык мекемелердин кызматкерлери маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууда маанилүү ролду ойношот, ал эми кибергигиена эрежелерин сактоо маалыматтардын сыртка чыгып кетишинин алдын алууга жана купуя маалыматтарды коргоого жардам берет», - деп баса белгиледи ал.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын негизги талаптары менен таанышып, жеке маалыматтар менен коопсуз иштөө маселелерин карап чыгышты, ошондой эле киберкоопсуздукту камсыздоонун заманбап ыкмаларын үйрөнүштү.

Санариптик чөйрөдөгү кибергигиена маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Анда «Касперский лабораториясынын» Борбордук Азия жана Монголиядагы мамлекеттик органдар менен иштөө боюнча жетекчиси Асет Ордабаев спикер катары чыгып сүйлөдү. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министринин мурдагы биринчи орун басары Клим Омельченко катышуучуларга маалыматтык системаларды коргоо жана киберкоопсуздукту камсыз кылуунун заманбап ыкмалары тууралуу айтып берди.

Иш-чара ачык диалог форматында өтүп, катышуучулар өз ишинде маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча актуалдуу суроолорго жооп алып, практикалык сунуштарды алышты.