Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун Ала-Тоо борбордук аянтында жайкы кечелерди музыка жана чыгармачылык маанайында өткөрүүгө чакырат.
Улуттук искусствону жайылтуу жана шаар тургундарынын маданий эс алуусун уюштуруу максатындагы маданий программанын алкагында 12 жана 13-июнь күндөрү аянтта чыгармачыл жамааттардын концерттик программалары өтөт.
12-июнда саат 19:00дө көрүүчүлөрдүн алдында кыргыз элинин бай музыкалык салттарын чагылдырган чыгармаларды аткарган «Доор» фольклордук ансамбли өнөр көрсөтөт.
13-июнда саат 19:00дө концерттик программаны «Сувенир» орус ыр, бий ансамбли жана «Акак» комузчулар ансамбли өнөрлөрүн тартуулайт. Кеченин коноктору үчүн элдик жана эстрадалык чыгармалар, ошондой эле улуттук аспаптарда аткарылган музыкалык чыгармалар жаңырып турат.
Ачык асман алдындагы концерттер шаар тургундарына жана конокторуна белгилүү чыгармачыл жамааттардын өнөрү менен жакындан таанышууга, жандуу аткаруудан ырахат алууга жана майрамдык жылуу маанайда эс алууга мүмкүнчүлүк түзөт.