Бишкек шаарында «Дордой» базарынын аймагында жол инфраструктурасын реконструкциялоо долбоорунун экинчи этабы башталат.
Буга байланыштуу 2026-жылдын 16-июнунан тартып Элебесов көчөсүнүн Кожевенная көчөсүнөн Түндүк айланма жолуна чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.
Чектөө жол инфраструктурасынын абалын жакшыртууга жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу киргизилет.
Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын меймандары! Убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну жана каттамыңызды алдын ала пландап алууну суранабыз.