Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын музей адистери окуучулардын жайкы эс алуусун мазмундуу өткөрүүсүнө багытталган маданий-агартуу иш-чараларын уюштурушту.
2026-жылдын 5-июнунда О.М. Мануйлованын Мемориалдык үй-музейинин кызматкерлери Ак-Босого конушундагы №101 орто мектебинде сүрөт өнөрү боюнча мастер-класс өткөрүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар көркөм чыгармачылыктын негиздери менен таанышып, чыгармачыл жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Ал эми 2026-жылдын 8-июнунда И. Раззаковдун үй-музейинин кызматкерлери № 51 орто мектебинде «Улуу инсан» аталышындагы көчмө көргөзмө уюштурушту.
Иш-чаранын алкагында окуучулар көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун өмүр жолу, эмгек ишмердүүлүгү жана өлкөнү өнүктүрүүгө кошкон салымы тууралуу толук маалымат ала алышты.
Ошондой эле С.А. Чуйков атындагы Мемориалдык үй-музейинде «Билим булагы» балдар билим берүү борборунун 7 жаштан 12 жашка чейинки окуучулары үчүн DS Art Studio көркөм студиясынын «Менин дүйнөм» көргөзмөсү боюнча экскурсия уюштурулду.
Бул иш-чаралар өсүп келе жаткан муундун маданий аң-сезимин өнүктүрүүгө, тарыхый мураска болгон кызыгууну арттырууга жана жайкы каникул мезгилинде пайдалуу эс алууну уюштурууга өбөлгө түздү.


