“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы билдиргендей, Фрунзе – Панфилов көчөлөрүнүн тилкесинде жүргүзүлүп жаткан капиталдык курулуш иштеринин алкагында жылуулук тармактарын кайра туташтыруу иштери аткарылат.
Буга байланыштуу, 2026-жылдын 13-июнунда саат 09:00дөн 17:00гө чейин ысык суу берүү убактылуу токтотулат.
Суу берүү төмөнкү даректердеги абоненттер үчүн чектелет:
Панфилов көчөсү: 239, 241, 190, 188/1, 188/2, 190/1, 190/3, 200, 200а, 202;
Логвиненко көчөсү: 55/2, 55, 57, 59, 32;
Тоголок Молдо көчөсү: 21, 23, 25, 23а, 23б;
Жибек-Жолу проспекти: 328, 346, 491;
Орозбеков көчөсү: 112, 116, 122, 114;
Фрунзе көчөсү: 475, 495, 497, 499.
«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы пландуу иштерге түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.