2026-жылдын 16-июнунда саат 10:00дөн 13:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүүдө убактылуу үзгүлтүктөр болушу мүмкүн.
Өчүрүү аймагы:
- Ала-Арча суусу - темир жол линиясы – Жибек-Жолу проспекти – Ж.Гвардия бульвары;
- Ж.Гвардия бульвары – темир жол линиясы – Фрунзе көчөсү – Манас проспекти;
- Дэн Сяопин проспекти – Ала-Арча суусу – Бөкөнбаев көчөсү – Кулиев көчөсү – Москва көчөсү – Пишпек көчөсү – Фучик көчөсү – Казаков көчөсү.
Өчүрүү “Запад-2” суу топтомосунда оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.
"Бишкексууканал" МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканаларды жана тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
«Менин шаарым» тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып туруңуз.
