Социалдык тармактарда Чыңгыз Айтматов проспекти менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги жол өтмөктү реконструкциялоо учурунда колдонулуп жаткан материалдар тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтар таралууда.
Белгилей кетсек, жол өтмөктө алюкобонд эмес, HPL-панелдер орнотулган. Мындан тышкары, учурда аткарылып жаткан иштер долбоордун акыркы жыйынтыгы болуп саналбайт. Долбоордун алкагында дагы бир катар курулуш-монтаж иштери жүргүзүлүп, айрым дизайнердик чечимдер толукталып иштелип чыгат.
Мурунку гранит каптамалары авариялык абалда болуп жарым-жартылай урап түшө баштаган.
Оңдоо иштеринин алкагында эскирген конструкцияларды демонтаждоо, анын ичинде эски каптамаларды сыйруу, тротуардын үстүнкү катмарын алуу, ошондой эле объектти тазалоо жана курулуш таштандыларын чыгаруу каралган.
Иштин негизги багыттарынын бири — заманбап материалдарды колдонуу менен каптамаларды жаңылоо, тагыраак айтканда, желдетилүүчү фасаддарды орнотуу жана кооздоочу (декоративдик) панелдерди монтаждоо болуп саналат.
Ошондой эле өтмөктөрдүн үстүнкү катмарын калыбына келтирүү: темир-бетон тепкичтерди жана пандустарды куруу, негизги катмарларды түзүү жана гранит плиталарын төшөө пландаштырылууда.
Иштердин дагы бир өзүнчө блогу инженердик инфраструктураны модернизациялоону — жаңы кабельдик линияларды тартууну, жарыктандыруучу жабдууларды алмаштырууну жана энергияны үнөмдөөчү LED-чырактарды орнотууну камтыйт.
Акыркы этапта жасалгалоо иштери жүргүзүлүп, дат баспаган болоттон тосмолор орнотулат.