2026-жылдын 9–12-июнь күндөрү И. Раззаков атындагы Политехникалык институттун базасында «Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары: Чыңгыз Айтматовдун идеялары жана келечектин технологиялары» аттуу эл аралык форум өттү.

Форумга Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы, Таджикстан Республикасы, Беларусь Республикасы, Азербайжан Республикасы жана Армения Республикасынан 200дөн ашуун таланттуу окуучулар, жаш изилдөөчүлөр жана ойлоп табуучулар катышты.

Иш-чара жаштардын илимий-техникалык чыгармачылыгын көрсөтүү, тажрыйба алмашуу жана инженерия, маалыматтык технологиялар, архитектура, санариптик дизайн жана социалдык инновациялар багытындагы долбоорлорду тааныштыруу үчүн ири аянтча болду.

Бишкек шаарынын курама командасынын курамына  борбор калаанын жалпы билим берүү уюмдарынын 14 окуучусу жана Ленин райондук Жаш техниктер станциясынын тарбиялануучулары кирди.

Форумдун жыйынтыгында борбор калаанын окуучулары жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп, ар түрдүү номинациялар боюнча байгелүү орундарды багындырышты.

I даражадагы диплом менен сыйланды:
- Нурланбеков Айдар — №97 мектептин окуучусу, Жаш техниктер станциясынын тарбиялануучусу («Архитектуралык чечимдер, 3D моделдөө жана мейкиндик объектилерин долбоорлоо» номинациясы).

II даражадагы дипломдор менен сыйланышты:
- Джеенбекова Асема — №70 мектептин окуучусу, Жаш техниктер станциясынын тарбиялануучусу («Инженердик жана механикалык системалар» номинациясы);
- Турдубаева Айжамал — №118 мектептин окуучусу («Окутуунун инновациялык усулдары жана санариптик билим берүү платформалары» номинациясы).

III даражадагы дипломдор менен сыйланышты:
- Абдырахманов Нурсултан — №74 мектептин окуучусу, Жаш техниктер станциясынын тарбиялануучусу («Программалык камсыздоону иштеп чыгуу, автоматташтыруу, санариптик системалар жана AI-чечимдер» номинациясы);
- Эшмамбетова Малика — №69 мектептин окуучусу («Социалдык инновациялар» номинациясы);
- Абдыкалыков Джамаль — №64 мектептин окуучусу («Инженердик жана механикалык системалар» номинациясы);
- Жаштилеков Сыркабек — №65 мектептин окуучусу («Санариптик дизайн жана креативдүү технологиялар» номинациясы).

«Долбоорду ишке ашыруудагы эң креативдүү жана технологиялык чечим үчүн» атайын грамота менен сыйланышты:
- Шаршеев Баястан — №65 мектептин окуучусу;
- Алиев Зия — №118 мектептин окуучусу;
- Абдраева Аяна — №9 мектептин окуучусу.

Эл аралык форумдагы ийгиликтер борбор калаанын окуучуларынын жогорку деңгээлдеги даярдыгын, илимий-техникалык чыгармачылыктын өнүгүшүн жана таланттуу жаштарды колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугун дагы бир жолу тастыктады.