"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы жылуулук менен камсыздоо системасын борбордон ажыратуу боюнча аракеттеринин алкагында "Энергетик" жана "Строитель" насостук станцияларын, ошондой эле "Учкун" кичи районунун абоненттерин "Бишкекжылуулукэнерго" муниципалдык ишканасына өткөрүп берүүдө.
Бул өзгөртүүлөр жылуулук менен камсыздоо объекттерин башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана борбор калаанын жылуулук тутумун өркүндөтүүгө багытталган.
Объекттерди жана абоненттик базаны өткөрүп берүү ишканалардын функцияларын так бөлүштүрүүгө жана жылуулук менен камсыздоо тутумун натыйжалуу башкарууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында «Энергетик» жана «Строитель» насостук станцияларына туташкан тиричилик жана чарбалык керектөөчүлөргө, ошондой эле «Учкун» кичи районунун тургундарына жылуулук менен камсыздоо боюнча түзүлгөн келишимдерди токтотуу тууралуу билдирүүлөр тапшырыла баштайт.
Өткөрүлүп берилүүчү объекттерге тиешелүү абоненттердин даректеринин тизмеси төмөндө көрсөтүлгөн шилтеме аркылуу жеткиликтүү.