2026-жылдын 12-июнунда борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиевдин Вьетнамдын ROX Group компаниялар тобунун өкүлдөрү менен жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык багыттардагы өз ара кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечеги тууралуу пикир алышты.

Мэрдин орун басары Рамиз Алиев Бишкек шаарынын мэриясы вьетнам тараптын экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү менен катар Кыргызстан менен Вьетнам элдеринин ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоого болгон умтулуусун жогору баалай турганын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө Бишкек шаары вьетнамдык компаниялар менен жигердүү кызматташып келет жана шаарды өнүктүрүүнүн ар кандай чөйрөлөрүндө вьетнамдык өнөктөштөрдүн ийгиликтүү тажрыйбасын үйрөнүүгө жана жайылтууга өзгөчө көңүл бурат», - деп баса белгиледи ал.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү маек үчүн бири-бирине ыраазычылык билдиришип, кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.