2026-жылдын 11-июнунда Душанбе шаарынын «Акылдуу шаар» мамлекеттик унитардык ишканасынын делегациясы муниципалдык башкарууну санариптештирүү жаатында тажрыйба алмашуу максатында Бишкек шаарынын мэриясына иш сапары менен келди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү конокторго шаарды санариптик трансформациялоонун негизги багыттарын, шаардык санариптик кызматтарды, мобилдик тиркемени, ошондой эле расмий маалыматтык платформаларды тааныштырышты.

Тараптар заманбап санариптик чечимдерди киргизүү, муниципалдык процесстерди автоматташтыруу жана «акылдуу» шаар технологияларын өнүктүрүү жаатындагы мындан аркы кызматташтыктын келечеги боюнча пикир алышты.

Бул иш сапар шаарлар ортосундагы санариптик мамлекеттик башкаруу тармагындагы практикалык тажрыйбаларды бөлүшүүгө жана өз ара кызматташууну чыңдоого өбөлгө түзгөн маанилүү аянтча болду.