2026-жылдын 11–13-июнь күндөрү Казакстан Республикасынын Алматы шаарында жаштар жана кыздар арасында дзюдо боюнча Азия Кубогу өттү.

Мелдешке дүйнөнүн 9 өлкөсүнөн келген 400гө жакын спортчу катышып, ар түрдүү салмак категорияларында байгелер үчүн күч сынашты.

Турнирдин жыйынтыгында Бишкек шаарынын Жекеме-жеке спорт түрлөрү боюнча Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин (ОРАБӨМ) тарбиялануучулары ийгиликтүү оюн көрсөтүп, байгелүү орундарга ээ болушту:

* Илья Сухинин (100 кгдан жогору салмак категориясында) — 1-орун;
* Акмаржан Турдажиева (78 кгга чейинки салмак категориясында) — 3-орун.

Спортчулардын ийгиликтүү көрсөткүчтөрү алардын тынымсыз машыгууларынын, жогорку деңгээлдеги даярдыгынын жана машыктыруучулар курамынын кесипкөйлүгүнүн натыйжасы болду.