13-июнда «Ынтымак-2» сейил багында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын көмөгү менен уюштурулган салттуу кайрымдуулук дипломатиялык жарманкеси болуп өттү.
Иш-чара Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулуп, ага дипломатиялык корпустун, эл аралык уюмдардын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү ошондой эле борбор калаанын тургундары менен коноктору катышты.
Жарманкенин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров жана Бишкек шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева катышты.
Жарманкенин алкагында дипломатиялык өкүлчүлүктөр конокторду дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнүн маданияты, каада-салты жана ашканасы менен тааныштырган улуттук павильондорду тартуулашты. Келген коноктор сувенирлерди жана кол өнөрчүлүк буюмдарын сатып алып, улуттук тамак-аштар менен суусундуктардан даам татып, ошондой эле кайрымдуулук акциясына катыша алышты.
Кайрымдуулук дипломатиялык жарманкеси гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана социалдык мааниси бар демилгелерди колдоого багытталган жыл сайын өтүүчү жакшы салттардын бири болуп саналат. Иш-чаранын жүрүшүндө чогултулган бардык каражаттар кайрымдуулук максаттарына жумшалат.
Бишкек шаарынын мэриясы эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, маданий алмашууну өнүктүрүүгө жана колдоого муктаж болгондорго жардам көрсөтүүгө өбөлгө түзгөн демилгелерди ар дайым колдойт.
















