Royal Central Park көп тармактуу комплексинин курулуш аймагында масштабдуу «Суу жана жарык симфониясы» фестивалы уюштурулуп ага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев катышты.

Мындай долбоорлордун ишке ашырылып жатышы Бишкектин инвестициялык жагымдуулугунун өсүп жатканын жана шаардык инфраструктуранын өнүгүп жатканын айгинелейт.

Комплекс Бишкектин эң ири инвестициялык долбоорлорунун бири болуп саналат жана Бишкек шаарынын мэриясынын инвестицияларды тартууга жана заманбап шаардык чөйрөнү түзүүгө багытталган демилгелеринин алкагында ишке ашырылууда.

Долбоорго жумшалган инвестициянын жалпы көлөмү 300 миллион АКШ долларынан ашат.

Royal Central Park азыртадан эле борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн жаңы эс алуу жана жолугушуу жайына айланды. Келечекте долбоордун алкагында заманбап турак жай комплекстери, бизнес жана ишкердик борборлору, коомдук имараттар, ошондой эле социалдык инфраструктура объектилери курулат.

Өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай  долбоорду ишке ашыруу жалпы шаар тургундары үчүн жеткиликтүү коомдук мейкиндиктерди түзүүдөн башталган. Мындай ыкма бүгүнтөн тартып эле шаарда ыңгайлуу чөйрөнү калыптандырып, эс алуу жана үй-бүлөлүк убакыт өткөрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратууда.

Фестивалда фудзона, концерттик программа жана ар кандай көңүл ачуучу иш-чаралар көрсөтүлдү. Иш-чарага болжол менен 10 000дей шаар тургуну жана коноктор катышты. Аймакты кыдыруу учурунда мэр Айбек Джунушалиев фестивалдын уюштурулушу жөнүндө билип, катышуучулар жана коноктор менен баарлашты.

Кеченин өзгөчө учуру Вьетнамдын вице-мисси сахнага чыгып, коноктор үчүн музыкалык чыгарманы аткарганы болду.

Майрамдык иш-чара лазердик шоу жана фейерверк менен жыйынтыкталды.