2026-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында жыл сайын уюштурулуучу BMW iX3 Night Run түнкү чуркоосу өтүп, ага 3500 адам катышты.
Иш-чаранын ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева катышты. Ал өз сөзүндө катышуучуларга ийгилик жана жакшы маанай каалап, Бишкек мэриясы сергек жашоо образын жайылтууга жана массалык спортту өнүктүрүүгө багытталган спорттук иш-чараларды колдой турганын белгиледи.
Иш-чаранын алкагында жаңы BMW iX3 үлгүсүндөгү автоунаанын өзгөчө бет ачары да өттү.
Катышуучулар 5 жана 10 чакырым аралыкка чуркашты. Жарышка кесипкөй спортчулар, чуркоо сүйүүчүлөрү жана 14 жаштан жогорку мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышты.
Мелдештен кийин эркектер жана аялдар арасында эки жарыштын жалпы жеңүүчүлөрүнө жана экинчи орунду ээлегендерге медалдар жана сертификаттар тапшырылды.
Түнкү жарыш өзгөчө маанайда өттү. Күн баткандан кийин миңдеген катышуучулар стартка чыгып, жарык менен кооздолгон трасса, музыкалык коштоо жана күйөрмандардын колдоосу бул иш-чараны унутулгус спорттук окуялардын бирине айлантты.




