13-июнда Ала-Тоо аянтында ачык асман алдындагы кезектеги музыкалык кече болуп өттү.

Борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн «Сувенир» орус ыр-бий ансамбли жана «Акак» комузчулар ансамбли өнөрлөрүн тартуулашты. Артисттер элдик жана эстрадалык чыгармаларды ошондой эле улуттук чыгармаларды камтыган мазмундуу концерттик программаны сунушташты.

Музыкалык кече жылуу жана майрамдык маанайда өтүп, шаардын башкы аянтына жандуу музыканын жана улуттук чыгармачылыктын күйөрмандарынын башын бириктирди.

Бишкек шаарынын мэриясы чыгармачыл чөйрөнү өнүктүрүүгө жана борбордун маданий турмушун чыңдоого багытталган ачык асман алдындагы маданий долбоорлорду ишке ашырууну улантууда.