2026-жылдын 14-июнунда саат 19:00дө Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» соода борборунун аймагында Formula 1 H2O стеласынын ачылышына жана UIM Formula 1 H2O желегин расмий өткөрүп берүү аземине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасында суу-мотор спортун өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя болуп калат жана эл аралык спорттук кызматташтыкты чыңдоого, ошондой эле өлкөнү дүйнөлүк деңгээлдеги ири спорттук иш-чараларды өткөрүү аянтчасы катары таанытууга багытталган.
Кеченин программасы конокторду тосуп алуу жана иш-чаранын расмий бөлүгүнө даярдануу атмосферасын түзүүчү диджейдин музыкалык сети менен башталды. Саат 20:00дө программанын салтанаттуу ачылышы Tendo Drum барабанчылар тобунун аткаруусу менен коштолуп, андан соң тааныштыруу видеоролиги көрсөтүлүп, алып баруучулар сахнага чыгышты.
Расмий бөлүктүн алкагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Суу-мотор спорту федерациясынын төрагасы Айбек Абылкасымов жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
Кеченин негизги учуру Formula 1 H2O стеласынын символикалык ачылышы, ошондой эле UIM Formula 1 H2O желегине Бишкек шаарынын гербин түшүрүү аземи болду.
Расмий бөлүк UIM Formula 1 H2O желегин өткөрүп берүү аземи менен аяктап, андан соң коноктор үчүн Жийдеш Идирисованын жана «Show Ballet» бий тобунун катышуусунда концерттик программа тартууланды.
Бул иш-чара расмий аземди маданий программаны жана спорттук символиканы айкалыштырып, Кыргызстандын эл аралык спорттук кыймылдагы ролу өсүп жатканын айгинеледи.





