Шаар башчысы Айбек Джунушалиев калк менен үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүп, көйгөйлүү маселелер менен жеринде таанышып, жарандарды жеке кабыл алып, шаардыктарды түйшөлткөн актуалдуу маселелердин чечилишин туруктуу көзөмөлдөп турат.
Муниципалитет менен калктын өз ара байланышындагы маанилүү формаларынын бири болуп жарандарды жеке кабыл алуу эсептелинет. 2025-жылдын ичинде Бишкек шаарынын мэри тарабынан 25 жеке кабыл алуу өткөрүлүп, анда борбор калаанын 845 тургуну кабыл алынган. Ал эми 2026-жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин 13 жеке кабыл алуу уюштурулуп, анын жүрүшүндө 377 жаран кабыл алынган.
Тургундар менен муниципалитеттин ортосундагы натыйжалуу байланыш каналдарынын бири болуп Бишкек шаарынын мэриясынын «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасынын Call-борбору саналат. 2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин Call-борборго борбор калаанын тургундарынан 69 112 кайрылуу, сунуш жана даттануу келип түшкөн. Ал эми 2026-жылдын 1-январынан 11-июнуна чейинки аралыкта дагы 32 148 кайрылуу катталган.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасын аткаруунун алкагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев 2026-жылдын 11-майынан 26-майына чейин борбор калаанын төрт районунда жалпысынан сегиз жолу тургундар менен жолугушуу өткөргөн.
Бул жолугушууларга Бишкек шаарынын болжол менен 3 370 тургуну катышкан. Жыйынтыгында 1 102 шаар тургунунан шаардык чарба, көрктөндүрүү, турак жай-коммуналдык чарба жана шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу 1 742 кайрылуу келип түшкөн.
Шаар тургундарынын кайрылуулары жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу да келип түшүп, мэриянын көңүл сыртында калган жок. 2025-жылдын ичинде «АКИpress» маалымат агенттигинин «Репортёр» рубрикасы, «Кактус Медиа» сайтынын «Call-борбор» бөлүмү жана «VB.KG» («Вечерний Бишкек») агенттиги аркылуу жарандардан келип түшкөн ар түрдүү маселелер боюнча 2 300дөн ашуун арыз, кайрылуу жана сунуш каралган. Ошондой эле «Биринчи радио» аркылуу обого чыккан «Биринчи кабылдама» программасынын жардамы менен шаар тургундарынан 148 кайрылуу келип түшкөн. Алардын бардыгы белгиленген тартипте каралып чыгып, көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп, керектүү түшүндүрмөлөр берилген.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаанын тургундары менен дайыма байланышта болуп, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берип, жеринде жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүп, шаардыктарды түйшөлткөн маселелерге өзгөчө көңүл буруп келет.
Белгилей кетсек, мындай иштер муниципалитет менен калктын ортосунда натыйжалуу диалог түзүүгө жана шаардагы актуалдуу көйгөйлөрдү өз убагында чечүүгө өбөлгө түзөт.