Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн учурда төлөмдөрдүн бир нече түрү жеткиликтүү: «Тулпар» транспорттук картасы, банктык карталар жана QR-код аркылуу төлөө.

Накталай эмес төлөм системасы жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, жүргүнчүлөрдүн түшүп-чыгуу убактысын кыскартууга, айдоочулардын жол кире кабыл алуу менен алаксышын алдын алууга жана транспорттук тейлөөнүн сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Тулпар карталарын шаар боюнча сатуу пункттарынан, төлөм терминалдары жана мобилдик тиркемелер аркылуу сатып алууга жана толуктоого болот.

Тутумду ишке киргизүүгө даярдык көрүү алкагында маалыматтык-түшүндүрүү иштери күчөтүлүп ошондой эле жол акысынын төлөнүшүн көзөмөлдөө үчүн контролерлордун иши уюштурулат.

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун накталай эмес төлөмдүн жеткиликтүү ыкмалары менен алдын ала таанышып чыгып «Тулпар» транспорттук картасын алууга чакырат.