Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын базасында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев, Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Акжол Үсөн уулу ошондой эле кызматтын ардагерлери катышты.
Иш-чаранын алкагында КР ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын скверинде орнотула турган өрт өчүрүүчү унаа-эстеликтин бет ачары болду. Бул унаа өрт өчүрүүчүлөрдүн жана куткаруучулардын бир нече муунунун каармандыгынын, жан аябастыгынын жана өз кесибине берилгендигинин символу болуп калат.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев кызматкерлерди жана ардагерлерди маараке менен куттуктап, алардын эмгегинин өзгөчө маанисин белгиледи.
«Сиздердин кызматыңыздар бул жогорку кесипкөйлүктү, эркти жана жан аябастыкты талап кылган күнүмдүк эрдик. Коркунучтарды жеңип, өз өмүрүңүздөрдү тобокелге салуу менен сиздер эң баалуу нерсени — адам өмүрүн сактап келесиздер. Өрт өчүрүүчү-куткаруучу кесиби — бул руху күчтүү жана кайраттуу адамдардын иши», — деп белгиледи мэр.
Ошондой эле борбор калаанын башчысы ӨКМ башкармалыгынын скверин толугу менен реконструкциялоо пландары тууралуу билдирди. Көрктөндүрүү иштеринин алкагында коомдук мейкиндик жаңыланып, футбол аянтчасы жана эс алуу менен иш-чараларды өткөрүүгө ыңгайлуу башка объектилер курулары пландалууда.
2026-жылы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир катар маанилүү мааракелерди белгилөөдө: ведомствонун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгы, ӨКМнин куткаруу кызматынын 35 жылдыгы жана Бишкек шаары боюнча ӨКМ башкармалыгынын куткаруу кызматынын 25 жылдыгы.









