Жол-транспорттук инфратүзүмдү жакшыртуу жана оңдоо иштерине байланыштуу, 2026-жылдын 16-июнунан тарта Иманалиев көчөсүнүн 7-апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаалардын кыймылы убактылуу чектелет.
Чектөөлөр оңдоо иштерин жүргүзүү учурунда жол коопсуздугун камсыз кылуу жана курулуш долбоорлорун өз убагында жана сапаттуу бүтүрүү максатында киргизилүүдө.
Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү каттамдарын алдын ала пландап, жол кыймылын уюштуруунун убактылуу өзгөртүлгөн схемасын эске алууга чакырат.
Бул оңдоо иштери шаардын жол тармагын модернизациялоого, жол коопсуздугун жакшыртууга жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган.
Оңдоо иштерине байланыштуу жаралган убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөбүз.