2026-жылдын 17-июнь саат 09:00дөн 18-июнь саат 06:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы:
Темир жолдун түндүк тарабындагы аймак,
Темир жол линиясынан – Раззаков көчөсү – Бөкөнбаев көчөсү – Панфилов көчөсү – Фрунзе көчөсү – Гоголь көчөсү – Жумабек көчөсү – Сүйүмбаев көчөсү – Осмонкул көчөсү – Аламүдүн суусуна чейинки аймак.

Л.Толстой көчөсүнөн жогору жайгашкан аймак:
Көк-Жар суу топтомосунан – М. Горький көчөсүнөн төмөн жагы – Л. Толстой көчөсүнө чейин – Матросов көчөсүнүн батыш тарабы – 7-апрель көчөсүнүн чыгыш тарабы.

М. Горький көчөсүнөн жогору жайгашкан аймак:
М. Горький көчөсүнөн – 7-апрель көчөсү – Улан-2 кичи району – Аламүдүн суусу – Суванбердиев көчөсү – Шүкүров көчөсү – Скрябин көчөсү – Бектенов көчөсүнө чейинки аймак.

Суунун өчүрүлүшү Көк-Жар суу топтомосунда оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу  токтотулат.

"Бишкексууканал" МИси ишканаларды жана шаар  тургундарын ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

“Менин шаарым” тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып туруңуз.