Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармониясында үй-бүлө институтун бекемдөө, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана балдардын укуктарын коргоо маселелерине арналган «Коопсуз үй-бүлө – коопсуз өлкө» форуму болуп өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, эксперт Руслан Досалиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары жана шаардык активдин миңге жакын өкүлдөрү катышты.

Форумдун катышуучулары үчүн театрлаштырылган оюн-зоок, аудитория үчүн «Kahoot» интерактивдүү оюну жана позитивдүү ата-эне болуу, үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоо маселелерин чагылдырган видеоролик камтылган программа тартууланды.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев мамлекеттин коопсуздугу ар бир үй-бүлөнүн бакубаттуулугунан башталарын белгиледи.

“Коопсуз үй-бүлө – коопсуз өлкө” форумунун аталышында терең маани камтылган. Анткени мамлекеттин коопсуздугу жана туруктуулугу ар бир үй-бүлөнүн бакубат жашоосунан, ар бир үйдүн тынчтыгынан, ар бир баланын жылмаюусунан жана ар бир аялдын корголушунан башталат. Үй-бүлөдө ынтымак болбосо, өлкөдө да туруктуулук болушу мүмкүн эмес», — деп белгиледи калаа башчысы.

Мэр ошондой эле Бишкекте социалдык кызматтар, укук коргоо органдары, саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелеринин ортосунда тыгыз ведомстволор аралык кызматташтык орнотулганын, бул аларга зомбулук учурларына тез арада чара көрүүгө жана оор турмуштук кырдаалдагы үй-бүлөлөргө жана балдарга даректүү жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк бергенин баса белгиледи.

Мэр социалдык кызматкерлерге алардын эмгекчилдиги үчүн ыраазычылык билдирип, алардын күн сайын өз ишинде көрсөтүп жаткан кайраттуулугун, жогорку кесипкөйлүгүн жана туруктуулугун белгилеп, аларга күч-кубат жана чыдамкайлык каалады. Форум үй-бүлөлүк коопсуздук жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча мамлекеттик кызматкерлердин, эксперттик коомчулуктун ортосунда ачык диалог жана тажрыйба алмашуу үчүн аянтча болуп кызмат кылды.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар ведомстволор аралык кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана ар бир бала жана ар бир үй-бүлө үчүн коопсуз чөйрөнү түзүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга болгон милдеттенмелерин билдиришти.