Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык дайындоолор болду.
Башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу мэрдин орун басарлары Виктория Мозгачева менен Азамат Кадыров ээлеген кызматтарынан бошотулду.
Мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп Рахат Мусаева дайындалды.
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору кызматына Жаныбек Орозалиев дайындалды.
Мэрдин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана санариптештирүү маселелери боюнча орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп Муратбек Атай дайындалды.
Тиешелүү тескемелерге мэр Айбек Джунушалиев кол койду.
Мындан тышкары, Биринчи Май районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Чынара Жаныкееванын жана Ленин районунун акиминин орун басары Бактыгүл Исмаилованын ишмердүүлүгүнө карата кызматтык иликтөө жүргүзүү тапшырылды. Алар кызматтык иликтөө жүргүзүү убактысында ээлеген кызматтарынан четтетилди.
Кийинки кадрдык дайындоолор жана чечимдер тууралуу маалымат кошумча берилет.