Бишкек шаарында Киев көчөсүн реконструкциялоонун биринчи этабынын алкагында, 2026-жылдын 16-июнунан тартып Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.
Бул тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу иштери жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, Киев көчөсүндөгү жылуулук тармактарын алмаштыруу этап-этабы менен ишке ашырылат. Бир тилкедеги иштер аяктагандан кийин, адистер кийинки бөлүккө өтүшөт.
Урматтуу шаар тургундары жана коноктору! Убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну жана кыймыл каттамдарыңызды алдын ала пландаштырууну суранабыз.