2026-жылдын 16-июнунан тарта Бишкек шаарында Киев көчөсүн реконструкциялоо долбоорунун алкагында коомдук транспорттун үзгүлтүксүз кыймылын камсыз кылуу максатында 14 автобустук каттамдын жүрүү чиймелерине убактылуу өзгөртүүлөр киргизилди.

Өзгөртүүлөр төмөнкү каттамдарга тиешелүү:
№104, №212, №222, №254, №7Т, №25, №243, №216, №145, №103, №66, №42, №36 жана №24.

Реконструкциялоо иштеринин жүрүшүндө аталган каттамдар айрым тилкелерде убактылуу альтернативдүү көчөлөр аркылуу жүргүзүлөт. Өзгөртүлгөн чиймелер жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайсыздыктарды азайтуу максатында иштелип чыккан.

Шаар тургундарын жана конокторун коомдук транспортту пайдаланууда каттамдардын жаңыланган чиймелерин алдын ала тактап алууну сунуштайт. Тиешелүү маалыматтар шаардык транспорт кызматтарынын расмий маалымат булактары аркылуу үзгүлтүксүз жарыяланып турат.

Айдоочулардан жана жөө жүргүнчүлөрдөн каттамдарын алдын ала пландап, келтирилген ынгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууларын суранабыз.

ЧИЙМЕЛЕР