Малайзиянын Кампар шаарында триатлон боюнча эл аралык Asian Junior Triathlon Cup жана Development Cup мелдештери өттү.

Мелдешке 15 мамлекеттен келген 75 спортчу катышып, жарыш жогорку атаандаштык жана кызыктуу таймаштар менен коштолду.

Мелдештин алкагында аралаш эстафета (Mixed Relay) боюнча жарыштар өткөрүлүп, ага 12 команда катышты. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын курама командасы коло медаль жеңип алып, үчүнчү орунду ээледи.

Улуттук курама команданын курамында Бишкек шаарындагы «Дельфин» ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары да ийгиликтүү оюн көрсөтүштү:
- Абдрахимов Темирлан;
- Саламатов Адамхан;
- Блиндул Ангелина.