Бишкек шаарында 2026-жылдын 16-июнунан тартып Кыргыз көчөсүнүн Саадаев көчөсүнөн Кичи Чүй каналына чейинки бөлүгү транспорт кыймылы үчүн убактылуу жабылат.
Бул чектөө жол инфраструктурасынын абалын жакшыртуу, инженердик коммуникацияларды модернизациялоо жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында киргизилүүдө.
Бул бөлүктө жүрүп жаткан иштерге байланыштуу №23 жана №203 автобус каттамдарынын маршруттары убактылуу өзгөртүлдү.
Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, багытыңызды алдын ала пландап алууну өтүнөбүз.