«Орто-Алыш» суу топтоочу жайынын аймагында Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосу менен ишке ашырылган «Бишкек шаарын суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоорунун экинчи фазасынын аякташына арналган иш-чара өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, ЕРӨБдүн аймактык директору Айтен Рустемова жана Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сирокко Мессерли катышты.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев өз сөзүндө 2022–2023-жылдары борбор калаанын тургундарды ичүүчү суу менен камсыздоодо олуттуу көйгөйлөргө туш болгонун белгиледи. Анын айтымында, долбоордун алкагында ишке ашырылган иш-чаралар суу менен камсыздоо тутумун кыйла чыңдоого жана анын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берди.
Калаа башчысы борбор калаанын инженердик инфраструктурасын өнүктүрүүгө эл аралык өнөктөштөрдүн кошкон салымынын маанилүүлүгүн баса белгилеп, Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнө, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына ошондой эле долбоордун бардык катышуучуларына аткарылган жумуштар үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди. Ал биргелешкен аракеттердин натыйжасында Бишкек шаарынын тургундары үчүн маанилүү жыйынтыктарга жетишилгенин белгиледи.
Өз кезегинде ЕРӨБдүн аймактык директору Айтен Рустемова долбоордун экинчи этабынын жыйынтыктарына жогору баа берип, үчүнчү этаптын алкагында кызматташтык мындан ары да уланарына ишеним билдирди. Ал ошондой эле жылуулук менен камсыздоо тармагындагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтып, коммуналдык инфраструктураны модернизациялоонун жана экологиялык абалды жакшыртууга багытталган долбоорлордун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Долбоорго жалпы 16 миллион евро инвестиция тартылган. Анын ичинен 8 миллион евро насыя түрүндө, дагы 8 миллион евро грант катары берилген.
Долбоордун алкагында «Орто-Алыш» суу алуу жайында 35 жаңы скважина казылып, пайдаланууга берилди. Ошондой эле узундугу 3,2 чакырым болгон магистралдык суу түтүгү курулуп, 11 чакырымдык канализациялык коллектордун курулушу аяктады. Ичүүчү жана агынды суунун сапатын көзөмөлдөөнү жакшыртуу максатында заманбап лабораториялык жабдуулар жеткирилди.
Долбоорду натыйжалуу башкаруунун аркасында гранттык каражаттардан 3,6 миллион евро үнөмдөлүп, ал каражаттар Бишкектин түштүк бөлүгүнүн инженердик инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталды. Натыйжада 2,6 чакырым суу түтүктөрү жана 4,9 чакырым канализациялык тармактар курулду.
Мындан тышкары, «Бишкексууканал» ишканасы үчүн 108 даана жабдуу жана 4 даана атайын техника сатылып алынды.
Долбоор 2025-жылдын май айында аяктады. Өздөштүрүлгөн каражаттардын жалпы көлөмү долбоордун жалпы бюджетинин 98 пайыздан ашыгын түздү.
Долбоордун ишке ашырылышы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды агызуу системаларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, коммуналдык кызматтардын сапатын жакшыртууга жана борбор калаанын инженердик инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүүгө мүмкүндүк берди.





