Бишкек шаарында жол оңдоо иштерине байланыштуу Аалы Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде автотранспорт каражаттарынын кыймылы толугу менен убактылуу токтотулат.
Бул убактылуу чектөө 2026-жылдын 17-июнунан 18-июнуна чейин күчүндө болот.
Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле жасап, жүрүү багытыңыздарды алдын ала пландаштырууну жана айланма жолдорду пайдаланууну өтүнөбүз.