2026-жылдын 21-июнунда Курманжан Датканын эстелигинин жанында 12-эл аралык йога күнүнө арналган майрамдык иш-чара өтөт.
Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясы менен Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин биргелешкен уюштуруусунда өткөрүлөт.
Иш-чара саат 19:00дө башталат. Ага 400дөн ашуун адамдын катышуусу күтүлүүдө. Кирүү акысыз.
Йога — бул индуизм философиясынын негизги багыттарынын бири. Ал ден соолукка жана бакубат жашоого комплекстүү мамилени камсыз кылат, ошондуктан бүткүл дүйнөдө абдан популярдуу.
Йоганын эл аралык күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2014-жылы Индия Өкмөтүнүн демилгеси менен негизделген. Ошондон бери бул күн жыл сайын дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө физикалык, психикалык жана руханий бакубаттуулуктун символу катары белгиленип келет.