2026-жылдын 8–12-июнь күндөрү С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн теннис кортторунда теннис боюнча ачык биринчилик болуп өттү.

Мелдешке Бишкек шаарындагы ар кандай теннис клубдарынан жана спорттук мектептерден 120дан ашуун спортчу катышты. Турнир 2009–2013-жылдары туулган жана 2014-жылы туулган жана андан кичүү курактагы спортчулар арасында өткөрүлдү.

Мелдеште С. Джуманазаров атындагы ОРБАБӨМдүн  теннис бөлүмүнүн 35 тарбиялануучусу күч сынашты.

Жыйынтыгында мектептин тарбиялануучулары жакшы көрсөткүчтөргө жетишти. 2009–2013-жылдары туулган өспүрүмдөр арасында Илим Алимов 4-орунду, Иса Алимов 9-орунду ээледи. Кыздар арасында Алия Мансурова 4-орунду, Айкөкүл Алимова 5-орунду багындырды.