Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу Т. Касымбеков атындагы борбордук китепканада балдар үчүн жайкы ийримдердин ачылыш аземи болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Э.А. Насыралиев, Казакстандын «Болот Медиа» мекемесинин директору ошондой эле эл аралык маданият жана искусство боюнча «Үч коңур» гезитинин башкы редактору Болат Батыров жана башка коноктор катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар үчүн тааныштыруу программасы уюштурулуп, жайкы ийримдердин негизги багыттары тууралуу маалымат берилди. Балдар китепкананын базасында өткөрүлүүчү чыгармачылык, билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактарга катыша алышат.
Жайкы ийримдер каникул мезгилинин ичинде күн сайын саат 09:00дөн 17:00гө чейин иш алып барат.