2026-жылдын 20-июнунда Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык Olympic Day спорттук майрамы өтөт.

Катышуучуларды каттоо жана чогултуу саат 09:00дө башталат, ал эми 500 метр аралыкка массалык чуркоонун старты саат 10:00гө белгиленген. Иш-чарага 11 жаштан 14 жашка чейинки 500гө жакын бала, спорттук федерациялардын өкүлдөрү, ыктыярчылар, шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору катышат.

Чуркоо багыты Абдымомунов, Орозбеков, Раззаков жана Рыскулов көчөлөрү аркылуу В.И. Лениндин эстелигинин айланасын камтыйт.

Иш-чараны өткөрүүгө байланыштуу 20-июнда саат 08:00дөн 14:00гө чейин чуркоо маршруту өткөн көчөлөрдө автотранспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, жүрүү багытыңызды алдын ала пландап алууңузду өтүнөбүз.