Бишкек шаарында борбор калааны «Манас» эл аралык аэропорту менен байланыштыра турган альтернативдик унаа жолунун курулушу уланууда. Долбоор «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы менен «Пу Юань» компаниясынын ортосунда түзүлгөн келишимдин алкагында ишке ашырылып жатат.
Жаңы жол транспорттук тармактын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, аэропорт менен ыңгайлуу жана тез каттамды камсыздоого, ошондой эле азыркы иштеп жаткан жолго түшкөн унаа жүгүн азайтууга багытталган.
Бүгүнкү күндө объектте курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Алсак, асфальт-бетон төшөөгө даярдык көрүү, инженердик коммуникацияларды тартуу жана бордюрларды орнотуу иштери аткарылып жатат.
Бардык иштер бекитилген графикке жана белгиленген курулуш нормаларына ылайык жүргүзүлүүдө. Курулуш иштерин ушул жылдын июль айынын аягына чейин аяктоо пландалууда.
Бул долбоор Бишкектин транспорттук инфраструктурасын жакшыртып, жол кыймылынын ыңгайлуулугун жана коопсуздугун жогорулатат жана борбор калаанын транспорттук-логистикалык системасын өнүктүрүү үчүн кошумча шарттарды түзөт.


