Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев көчмө жыйындын алкагында Саадаев көчөсүнөн Түндүк айланма жолуна чейинки тилкедеги Кыргыз көчөсүн реконструкциялоо боюнча даярдык иштери менен таанышты.

Долбоорго ылайык, узундугу 4,1 чакырымды түзгөн жол тилкеси реконструкцияланып, өтүүчү бөлүгү төрт тилкеге чейин кеңейтилет. Жолдун туурасы 16 метрди түзөт. Ошондой эле эки тарабына тротуар куруу, ирригациялык тутумду орнотуу жана иштеп жаткан көпүрөнү кеңейтүү каралган.

Башкы подряддык уюм  «Технотоп» компаниясы.

Объектти кароо учурунда калаа башчысы подряддык уюмга  курулуш-монтаждоо иштерин сапаттуу жана ыкчам аткарууну, ошондой эле долбоорду ишке ашыруунун бекитилген мөөнөттөрүн так сактоону тапшырды.

Айбек Джунушалиев акимиатка жана профилдик кызматтарга жолду реконструкциялоо аймагына туш келген объекттердин ээлерине өз убагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана билдирүүлөрдү тапшырууну милдеттендирди.

Мындан сырткары, көчмө жыйындын  алкагында Бишкек мэри Можайский көчөсүнүн Орозбеков көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки тилкесинин реконструкциядан кийинки абалы менен таанышты.