«Дордой» базарынын аймагындагы жол инфраструктурасын реконструкциялоо долбоорунун экинчи этабынын алкагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жакынкы күндөрү реконструкциялоо иштери баштала турган Элебесов көчөсүндө болду.
Долбоорго ылайык, узундугу 1,5 чакырымды түзгөн тилке реконструкцияланып, жолдун жүрүүчү бөлүгү төрт тилкеге чейин кеңейтилет. Жолдун туурасы 20 метрди түзөт. Ошондой эле эки жагына тротуар курулуп, ирригациялык тармак орнотулат.
Подряддык уюм катары «АБК Голд» компаниясы аныкталган.
Ушул эле долбоордун алкагында узундугу 800 метр, туурасы 20 метр болгон Безымянная көчөнү Түндүк айланма жолго чейин реконструкциялоо да пландалууда.
Айбек Джунушалиев курулуш иштеринин сапаттуу аткарылышын жана белгиленген мөөнөттөрдүн так сакталышын камсыз кылууну тапшырып, бардык иштер жаңы окуу жылы башталганга чейин аяктоого тийиш экендигин баса белгиледи. Бул шаар тургундарына, окуучуларга жана жол кыймылынын катышуучуларына ыңгайсыздык жаратпоого мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, тиешелүү шаардык кызматтарга көчөнү кеңейтүү жана реконструкциялоо иштерине байланыштуу объектилердин ээлери менен зарыл иштерди жүргүзүү, анын ичинде аларга өз убагында тиешелүү эскертмелерди тапшыруу милдети жүктөлдү.

