Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Широкая көчөсүнүн тургундары менен жолугушту. Буга чейин алар муниципалитетке жакын жерде жайгашкан өндүрүш объектисинен чыккан үнгө даттанып кайрылышкан.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө калаа башчысы шаардыктардын муктаждыктарын угуп, андан соң мурунку айнек заводунун аймагында жайгашкан, дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү менен алектенген ишканага барды.
Объектти кыдырып чыккан соң, Айбек Джунушалиев ишкана ээсине чектеш жайгашкан турак үйлөргө жеткен үндүн деңгээлин төмөндөтүү боюнча чараларды көрүүнү, анын ичинде кошумча ызы-чууну басуучу (изоляциялык) каражаттарды орнотуу маселесин кароону тапшырды. Муну менен катар, ээсине өндүрүштүк ишмердүүлүктү ушундай объекттерди жайгаштыруу үчүн тийиштүү шарттар түзүлгөн «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын аймагына көчүрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды.
Жыйындын алкагында тиешелүү кызматтарга аталган аймакты өнүктүрүү маселелерин мындан ары комплекстүү карап чыгуу үчүн муниципалдык жана жеке менчик жер тилкелеринин чек араларын аныктоо менен аймактын планын даярдоо тапшырылды.
Жол кыймылынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулду. Көчөнүн жанында билим берүү мекемелери жайгашкандыгына байланыштуу, мэр Широкая көчөсүндө ири көлөмдөгү жүк ташуучу унаалардын кыймылын чектөө мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну, ошондой эле оор техникалар үчүн жүк көтөрүмдүүлүгү боюнча чектөөлөрдү жана атайын кыймыл режимин киргизүүнү иштеп чыгууну тапшырды.
Комплекстүү чечимдерди иштеп чыгуу үчүн шаардык профилдик кызматтардын катышуусунда ведомстволор аралык комиссия түзүлөт.
Белгилей кетсек, реконструкцияланган Широкая көчөсү 2025-жылдын 31-майында ачылган. Жаңыланган тилкенин узундугу 650 метрди түзөт. Долбоордун алкагында жол төшөлмөсүн салуу жана тротуарларды куруу иштери аткарылып, бул аймактын транспорттук жана жөө жүргүнчүлөр инфраструктурасын бир топ жакшыртууга мүмкүндүк берди.




