2026-жылдын 17-июнунан 18-июнуна чейин Бишкек шаарында Аалы Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилиши жабылгандыгына байланыштуу 13 автобустук каттамдын кыймыл схемалары убактылуу өзгөртүлдү.
Бул чаралар оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү мезгилинде коомдук транспорттун үзгүлтүксүз кыймылын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынды.
Өзгөртүүлөр төмөнкү каттамдарга тиешелүү: №10(Т), №103, №56, №152, №175, №66, №104, №35, №1, №9, №215, №45 жана №146.
Жолдорду реконструкциялоо иштеринин жүрүшүндө аталган каттамдардын кыймылы убактылуу жакын жайгашкан альтернативдүү көчөлөр аркылуу жүргүзүлөт.
Убактылуу кыймыл схемалары жүргүнчүлөр үчүн жаралуучу ыңгайсыздыктарды мүмкүн болушунча азайтуу жана жол кыймылынын бардык катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Коомдук транспорттун кыймыл чиймелериндеги өзгөртүүлөр менен алдын ала таанышып чыгып, сапарыңызды убактылуу чектөөлөрдү эске алуу менен пландаштырууну өтүнөбүз.