Алдыдагы 2026/2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында, керектөөчүлөрдү жылуулук жана электр энергиясы менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз камсыздоого багытталган пландуу оңдоо иштери «Бишкек ЖЭБ» МИде жүргүзүлүүдө.
Оңдоо өнөктүгү станциянын негизги жана көмөкчү жабдууларын, ошондой эле ишкананын имараттары менен курулмаларын камтыйт. Пландалган иш-чараларды аткаруу жылытуу мезгилиндеги эң жогорку жүктөмдөрдү көтөрүүгө энергетикалык жабдуулардын техникалык даярдыгын камсыз кылат.
Отказан цехинин негизги жабдууларын оңдоонун бекитилген графигине ылайык, үстүбүздөгү жылы №12, №14 жана №23 отказан агрегаттарына орточо оңдоо жүргүзүү, ошондой эле №16 отказан агрегатын учурдагы оңдоо иштерин өткөрүү каралган.
Турбиналык агрегат жабдуулары боюнча №5, №8, №9, №10 жана №11 турбиналык агрегаттарга учурдагы оңдоо иштерин жүргүзүү пландалган. Мындан тышкары, 2025-жылы башталып, үстүбүздөгү жылга өткөн №7 турбиналык агрегатты капиталдык оңдоосу аяктайт. Ошондой эле, №3 жана №4 энергетикалык блокторун учурдагы оңдоодон өткөрүү жана станциянын жылуулук берүүчү жабдууларын оңдоо иштери каралган.
Бардык оңдоо иштери бекитилген мөөнөттөргө жана өндүрүштүк пландарга ылайык аткарылууда. Бул иш-чаралардын комплекстүү түрдө ишке ашырылышы жабдуулардын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, 2026/2027-жылдардын күз-кыш мезгилинен туруктуу өтүүнү камсыз кылат.