2026-жылдын 14-июнунан 16-июнуна чейин Бишкек шаарынын мэриясынын делегациясы  Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев жана Бишкек шаарынын мэриясынын «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасынын директору Жумамүдүн Жумалиев Сингапур Республикасында өткөн 10-Бүткүл дүйнөлүк шаарлар саммитине World Cities Summit 2026 катышты.

World Cities Summit шаарларды туруктуу өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо жана алдыңкы тажрыйба алмашуу үчүн шаар башчыларын, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, бизнестин жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн бириктирген алдыңкы эл аралык аянтчалардын бири болуп саналат.

2026-жылдагы Саммиттин темасы: «Liveable and Sustainable Cities: ACT Now!» («Ыңгайлуу жана туруктуу шаарлар: азыр аракет кылыш керек!») деп аталды. Талкуулардын борборунда шаарларды санариптик трансформациялоо, инновациялык технологияларды киргизүү, туруктуу шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, климаттык туруктуулукту жогорулатуу жана шаардык чөйрөнүн сапатын жакшыртуу маселелерин камтыды.

Саммиттин алкагында Бишкек шаарынын өкүлдөрү пленардык жыйындарга, тематикалык сессияларга жана акылдуу шаарларды өнүктүрүүгө, муниципалдык башкарууну санариптештирүүгө, туруктуу мобилдүүлүккө, шаар курууга жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүүнүн заманбап ыкмаларына арналган иш-чараларга катышты.

Ошондой эле делегация Сингапурдун шаардык башкаруу, санариптик технологиялар жана туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндөгү алдыңкы тажрыйбалары менен таанышып, чет элдик кесиптештери жана эксперттер менен бир катар жолугушууларды жана кесиптик консультацияларды өткөрдү.

World Cities Summit 2026 саммитине катышуу эл аралык байланыштарды чыңдоого, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн шаарларынын өкүлдөрү менен тажрыйба алмашууга жана Кыргыз Республикасынын борборун өнүктүрүү боюнча мындан аркы иштерде колдонууга мүмкүн болгон заманбап чечимдерди үйрөнүүгө шарт түздү.